Биз менен байланышыңыз

Чек арада жарадар болгон жаранга операция жасалды

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 612 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган Нурбек Жороевге операция жасалды. Бул тууралуу анын агасы Абдираим Жороев “Маралга” маалымдады. Анын айтымында, бейтап азыр Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ага 13-мартта түнү операция жасалган.

Агасынын айтымында, инисине ок тийип жаракат алган.

Кошумчалай кетсек, 13-мартта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында жаңжал чыгып, таш ыргытып, ок чыгарууга чейин барышкан. Чек ара кызматы азыр абал туруктуу экендигин кабарлап, жабылган жолду ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM