Биз менен байланышыңыз

Кемелова Кореянын президентине Ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 718 | 0

Кыргызтандын Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси Динара Кемелова Кореянын Президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды. Протоколдук тапшыруу аземинен кийин «Чонг Ва Де» сарайында кыргыз-корей кызматташтыгы жөнүндө негизги маселелр боюнча маек курду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Мун Чжэ Ин Динара Кемелованы элчи болуп шайлануусу менен куттуктап, Корея  менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин айтып, эки мамлекеттин эли келбети боюнча дагы бири-бирине окшоштугун белгиледи.

«Кыргызстан-өзүнүн кооз табияты, бийик тоолору менен таанылып, так ушул көрүнүштөр Түштүк Кореялык туристтердин санын көбөйүүгө негизги багыт болуп эсептелет. Албетте, мунун баары эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба учуу маршрутунун ачылышына түрткү болот жана корей тарабы анын ачылышына негизги жардамын көрсөтөт »-деди Президент Мун Чжэ Ин.

Кемелова өз сөзүндө «Кыргызстан- Корея менен болгон кызматташтыкты жогору баалап, Азия регионунда өтө маанилүү жана приоритеттүү партнёру катары көрөт»-деп айтып кетти.

Ошондой эле Кемелова Кыргызстан келечекте Корея менен соода-экономикалык катнашты өстүрүүгө, өзгөчө Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын Кореяга эскпорттоосун көбөйтүүсүнө кызыктар экендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, элчи аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү долбоорлоруна катышууга, кыргыз адистеринин Кореяда билим алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлүшүнө активдүү катышып берүүсүн сунуштады.

 

Copyright © 2017 Maral FM