Биз менен байланышыңыз

Кыргыз – словения кызматташтыгы Москвада талкууланды

Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 638 | 0

Кыргызстандын орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Словения Республикасынын Россия жана Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Раковец мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова кабарлады.

Жолугушуу Словения элчисинин өтүну боюнча уюшулган.

Эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары кыргыз-словения мамилелерин өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин артыкчылыктуу тармактары катары экономикалык чөйрө, биринчи кезекте кичи жана орто ишкердик, кайра иштетүү өндүрүшү, ошондой эле туризм тармагы каралды.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 10-12 мартында Словениянын Элчиси Раковец мырзанын Бишкекке сапары белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM