Биз менен байланышыңыз

Орусияга чыгып жаткан жарандарга элчинин кайрылуусу

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 692 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусияга чыгып жаткан Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Элчинин кайрылуусу төмөндөгүчө:

«Урматтуу мекендештер, эгерде сиз Орусияга чыгууну пландаштырып жатсаңыз, Орусияга киргенде эле кайрадан чыгарылып кетпеш үчүн жана убактыңызды, ден соолугуңузду, акча каражатыңызды бекеринен коротпоо үчүн билет алаарда алдын ала өзүңүздүн фамилияңызды  Мамекеттик миграция кызматынын расмий сайтында www.ssm.gov.kg«Миграционная амнистия 2019» деген бөлүмүндө , “кара тизмеде” жок экендигиңиз  боюнча текшерип алууңузду өтүнөм.

Эгерде сиз “кара тизмеде” бар болсоңуз, Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин www.elchi.ru расмий блогуна кирип, онлайн түрүндө маалымат жазууну сунуштайбыз. Сиздин статусуңузду тактоо жана “кара тизмеден” чыгаруу иштери үчүн паспортуңуздун электрондук көчүрмөсүн кошо салыңыз.

Мындан сырткары, Орусияда жүргөн сиздин досторуңуз, туугандарыңыз жана жакындарыңыз байланышка чыкпай, дайыны жок болуп жатса, www.elchi.ru  расмий сайты аркылуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисине жоголгон жаранды табууга жардам көрсөтүү өтүнүч менен жеке кайрылсаңыз болот. Аны үчүн жарандын толук аты-жөнү, сүрөтү, паспортунун көчүрмөсү, Орусияга чыккан мезгили, акыркы турган же иштеген орду тууралуу маалыматтарды жазышыңыз керек,«- деп кайрылган элчи Аликбек Жекшенкулов.

Copyright © 2017 Maral FM