Биз менен байланышыңыз

Теракт жасоого шектелип камакка алынган жаран боюнча окуяны элчилик териштирүүгө алат

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 649 | 0

Кыргызстандык жаран Москвада теракт жасоого аракет кылган деген шек менен кармалганы боюнча окуяны Орусиядагы элчилик териштирет. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кечээ, 5-ноябрда Москванын Черемушка райондук соту борборазиялык 30 жаштагы Талант аттуу жаранды камоого санкция бергенин «Интерфакс» агенттиги жазган.

Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Ивановага камакка алынган жаран кыргызстандык экенин, ал Москвага сентябрда барганын билдиргенин «Настоящее время» телеканалы айтты.

Шектүү 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM