Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербург: 5-кабаттан түшүп кеткен кыргызстандык кыздын абалы оор

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 900 | 0

Санкт-Петербургда 10 жаштагы И.М. аттуу кыргызстандык кыз этиятсыздыктан 5-кабаттын терезесинен 11-майда түшүп кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, көптөгөн жаракаттарды алган кыз ошол замат ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы «өтө оор» деп бааланууда.

Жакын арада операция жасалуу пландалууда, анын жыйынтыгында жасалма дем алдыруу аппаратынан бошотулат жана кыз өз алдынча дем ала баштайт.

Окуя Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаардык кеңсесинин көзөмөлүндө турат.

Copyright © 2017 Maral FM