Биз менен байланышыңыз

Питерде кармалган эки кыргызстандык боюнча элчилик үн катты

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 4751 | 1

Санкт-Петербургда Орусия президенти Владимир Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелген 2 кыргыз жараны боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

Орусиянын Санкт-Петербург шаары боюнча өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө кызматы билдиргендей, кылмышка шектүүлөргө Орусиянын Жазык кодексинин 214 жана 205- беренелери менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөр 02.12.1997 -жылы Ош шаарында төрөлгөн Исломбек Парпиев жана 08.06.1997 -жылы Ош шаарында төрөлгөн Мухаммадазиз Ишматов болуп саналат. Алардын экөө тең учурда Орусиянын жараны.

Тергөөнүн версиясы боюнча, интернет аркылуу бейтааныш бирөө Исломбек Парпиевге Путиндин сүрөтүн тартып, алдына «Көрсөң өлтүр» деп жазылган трафарет даярдап берүүнү, андан соң бул сүрөттү боек жана трафареттин жардамы менен Петербургдагы имараттардын фасаддарына тартууну сунуштаган. Парпиев бул ишке 22 жаштагы Мухаммадазиз Ишматовду тартып, 27-январда бери дегенде 6 имаратта ушундай сүрөттөр пайда болот.

Учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаары боюнча өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча керектүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Саадат

    02.02.2020 18:53

    Мен оруссиянын жарандыгын алгандарды кыргыз жарандыгынан ажырабашы керек деген ойго кошуламын. Себеби менин кайним тополоң болгон коогалаңдуу учурда Баткенге,тажикистанга барган.ошол жакта чек арага мина коюп,кайра алып минаискател болуп кызмат кылган. Эми үй бүлөөсүн багуу үчүн Россия жергесинде иштеп жүрөт.иш табышы кыйын болгону үчүн ошол жактын жарандыгын алууга мажбур болгон. Алар Кыргызстаныбыз үчүн дагы да көп иштерди аткарышат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM