Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербургдан 156 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 856 | 0

15-майда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамы менен 156 Кыргызстандын жараны учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.

Бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM