Биз менен байланышыңыз

Путин коронавируска каршы биринчи вакцина каттоодон өткөнүн билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 679 | 0

Президент Владимир Путин Орусияда «коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина» каттоодон өткөнүн, ошондой эле кыздарынын бири эмдөөгө катышканын билдирди. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

11-августта өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушуу учурунда Путин бул тууралуу жарыялаган. Путин вакцина эффективдүүлүгүн көрсөткөнүн жана коронавируска карата туруктуу иммунитет пайда кылууга жөндөмдүү экенин белгилеген.

«Мага маалым болгондой, бүгүн эртең менен коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина каттоодон өттү», — деди Путин.

Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан соң өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалады.

Бирок Орусия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялай элек.

Коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги «Вектор» мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Орусиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда өндүрүш башталарын билдирген.

Дүйнө жүзү боюнча 35тен ашуун лаборатория коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуу боюнча иштөөдө.  Бул боюнча Оксфорддун окумуштуулары алдыга озуп чыгышкан: алардын вакцинасы ыктыярчыларга сыноодон өтүп жатат. Ошондой эле, клиникалык сыноолорду АКШдагы үч компания жүргүзүүдө.

16-июлда Улуу Британия, АКШ жана Канада дүйнөлүк илимий жана фармацевтикалык уюмдардын коронавирусту дарылоо боюнча илимий изилдөө иштерин уурдоого аракет кылган орус бийлиги колдогон хакерлерди айыпташкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM