Биз менен байланышыңыз

Элчи Жекшенкулов Орусиядан “миграциялык мунапыс” сурады

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 986 | 0

Быйыл, 2020-жылы өтүүчү Кыргызстандын Орусиядагы жылы иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын Орусиядагы жарандары үчүн “миграциялык мунапыс” берүү суралды. Мындай өтүнүчтү Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Жекшенкуловдун демилгеси менен уюшулган. Тараптар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Орусияга боло турган иш сапарын талкуулашты. Мындан сырткары Кыргызстандын жана Орусиянын кайчылаш жылынын Чоң театрдагы салтанаттуу ачылышы иш-чаралары талкууланган.

Кыргыз-орус стратегиялык кызматташтыгын тереңдетүү үчүн тараптар президенттик, Парламент спикерлеринин, премьер-министрлердин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн деңгээлинде байланыштарды күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM