Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга көмөк көрсөтүүсүн улантат

Кыска кабар | 9 Авг 2019 | 694 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон чыныгы дос катары билишет. Биз Сизди Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле кылган жакын дос деп эсептейбиз«, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Медведев ору-кыргыз мамилеси чындап эле жакшы экенин белгилеген.

«Биз ар кандай маселелер боюнча кеңешип турабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла», — деп ишендирди Дмитрий Медведев.

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагындагы жетишилген макулдашуулардын ишке ашыруусунун жүрүшүн жана ошондой эле 2020-жылды Орусияда Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргызстанда Орусия Федерациясынын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Copyright © 2017 Maral FM