Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Жекшенкуловду Арменияга элчи кылууга макулдук берди

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 861 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Аликбек Жекшенкуловдун Москвадагы резиденцияны айкалыштыруу менен Армения өлкөсүнө элчилик кызматка талапкерлигин жактырды. Бул маалыматты депутат Чыныбай Турсунбеков «Маралга» тастыктады.

Комитеттин мүчөлөрү мындай чечимди бүгүнкү, 8-октябрдагы отурумунда добуш берүү аркылуу кабыл алды.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын январь айынан бери Кыргызстандын Орусиядагы эличиси кызматын аркалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM