Биз менен байланышыңыз

Жекшенкулов Армениянын президентине Ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 753 | 0

Ереван шаарында Президенттик салтанаттуу сарайда Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Армениянын президенти Армен Саркисян мырзага Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Ишеним грамотасын тапшыруу аземинен кийинки маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар азыркы саясий кырдаалды, коопсуздук чөйрөсүндөгү, ЕАЭБ алкагында жана эки тараптуу форматтагы мындан аркы экономикалык кызматташуунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты.

Армениянын президенти Саркисян элчи аркылуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду ага ыңгайлуу мезгилде Арменияга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Расмий чакыруу дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кыргыз-армян байланыштарын мындан ары бекемдөө жана кеңейтүү боюнча ишенимдерин билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Армениянын Тышкы иштер министринин орун басары Ш.Кочарян жана башка расмий адамдар менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги мындан аркы саясий байланыштарды, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар 2020-жылдын март-февраль айларында  соода-экономикалык, социалдык жана илимий-техникалык, маданий кызматташуу боюнча кыргыз-армян комиссиянын 1-жыйынын өткөрүүнү белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM