Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин жанында атышуу болгон

Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 1578 | 0

Москва шаарында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин катарында жайгашкан кафелердин биринен куралдуу кагылыш чыкты. Бул тууралуу «Рен ТВ» телеканалы порталына жазды.

Маалыматка ылайык, 12-октябрь күнү кечинде элчиликтин жанындагы кафеге газ чачкыч менен куралданган эки адам кирип, анда тамактанып жаткан беш адамга кол салып, тигилердин жанындагы баштыкты тартып алууга аракет жасашкан. Бирок тамактанып отургандардын бири травматикалык тапанча менен атып, кошо отургандардын бирин жарадар кылып алган.

Жергиликтүү милиция: «Окуядан бир адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Кол салуучулардын бирөө колго түшкөн. Калган экөө качып кеткен. Акча салынган баштыкты ала алышкан эмес. Баштыкта 500 миң доллар акча каражаты болушу ыктымал», — деп билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM