Биз менен байланышыңыз

Словениялыктарга саякат үчүн жолдомо берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 502 | 0

Словениялыктар өлкө ичинде саякаттоо үчүн 200 еврого бааланган жолдомо алышат. Бул демилге коронавирустук кризис учурунда ички туризмге жана экономиканын башка тармактарына жардам берүү максатында ишке ашырылууда.

Жолдомо Словениянын аймагындагы мейманканаларда же башка туристтик кызматтарга акы төлөө үчүн берилет. 18 жашка чыга электерге  50 еврого бааланган жолдомо каралган.

Май айынын аягында парламент өкмөттүн демилгесин жактырары күтүлүүдө. Андан соң өлкөнүн тургундары жолдомолорду алып, аларды жылдын аягына чейин пайдалана алышат.

Буга чейин Словения өкмөтү өлкөдө коронавирус эпидемиясы бүттү деп жарыялаган.

Италия менен чектешкен Словенияда коронавирустук инфекциянын 1500 учуру катталып, алардын ичинен 105 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM