Биз менен байланышыңыз

Словениянын куралдуу күчтөрүнүн башына аял киши келди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 643 | 0

Словениянын куралдуу күчтөрүнүн башчылыгына генерал-майор Аленка Ерменц дайындалды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Эми Словения армиянын башкы штабын аял киши жетектеген НАТОдогу жалгыз өлкө болуп калды.

Ерменц бул кызматка бүгүн расмий түрдө киришет.

Мурунку аскер башчы, 55 жашындагы Аленка Ерменц аскердик карьерасын 1991-жылы Словения Югославиядан бөлүнүп чыгып, эгемендүүлүгүн жарыялаган убакта баштаган. Ушуш жылдын март айында ал Башкы штабдын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган болчу. Ал буга чейин аталган кызматты жетектеп келген Алан Гедердин ордуна келди.

Мамлекет башчысы Борут Пахордун кат түрүндөгү билдирүүсүндө: «Улам барган сайын начарлап бараткан дүйнөдөгү коопсуздук абалдын терс таасирлеринен алыс болуу үчүн Словения өзүнүн күч түзүмдөрүн жакшыртып, алдыга жылдырышы керек«,-деп айтылат.

Кошумчаласак, Словениянын армиясында запастагы аскерлерин кошкондо 7500 киши кызмат кылат. Ал НАТО аскердик-саясий блогуна 2004-жылдан бери мүчө.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM