Биз менен байланышыңыз

Орус армиясы он пайызга кыскарат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 370 | 0

Орусиянын Каржы министрлиги Коопсуздук Кеңешине өлкөнүн бюджетин турукташтыруу максатында куралдуу күчтөрдү реформалоо долбоорун сунуштады. Бул тууралуу «Известия» журналы долбоордун көчүрмөсүнө шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктады.

Сунуш кылынган долбоордун биринчи пункту — аскер кызматкерлеринин санын 10 пайызга кыскартуу. Орусия президентинин 2018-жылы кабыл алынган жарлыгына ылайык, Куралдуу Күчтөрдүн саны 1 миллиондон бир аз ашыгыраак деп белгиленгенин эске алганда, долбоор армиядагы аскерлердин санын 100 миңге чейин кыскартуу жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү.

Айрым маалыматтарга караганда, мындай кыскартуу штаттагы аскер кызматкерлеринин эсебинен эмес, келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн эсебинен жүргүзүлөт. Каржы министрлиги келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлерге тамак-ашты күжүрмөн нөөмөттө жана талаа машыгууларында гана берүүнү сунуштоодо.

Мындан тышкары, министрлик пенсионерлердин эмгек стажын 25 жылга чейин узартууга жана аскердик пенсия үчүн каралуучу жылдык инфляциянын 2%ын кошуп эсептөөнү жоюуга ниеттенүүдө. Финансисттер ошондой эле аскердик-ипотекалык эсеп ачуу үчүн кызмат мөөнөтүн 5 жылга узартууну сунушташты.

Аскер эксперти Владислав Шуригин армияга кеткен күнүмдүк керектөөлөр чыгымдардын басымдуу бөлүгүн түзбөгөнүн айтты: «Армиядагы орточо айлык 40-50 миң рублдин [600 доллар] тегереги. Эгер аны 100 миң адамга көбөйтсөк, экономикага жылына 5 миллиард рубль киреше алып келет. Бирок мындай кыскартуу армиянын күжүрмөн даярдыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деди Шуригин.

Ал эми Стратегиялык анализ борборунун директору Игорь Николаев Куралдуу Күчтөрдөгү штаттык бирдиктердин 10 пайызга кыскаруусунун таасири дээрлик белгисиз экенин, анткени көптөгөн лидерлер кризистик кырдаалдарда болжол менен бирдей бош орундарды ээлеп турушканын айтат.

Copyright © 2017 Maral FM