Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Армия — тынчтыктын жана бакубат жашоонун кепили

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 560 | 0

Бүгүн Кыргызстанда Чек ара кызматынын түзүлгөн күнү, эртен өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн күнү. Буга карата бүгүн салтанаттуу иш чара уюштурулуп, ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өз сөзүндө өлкө башчысы Армия элдин тынчтыгын жана өлкөнүн бакубаттыгын камсыздай турганын баса белгиледи.

“Армия — жөнөкөй адамдардын тынч эмгегин жана өлкөнүн бакубаттыгын камсыз кылуунун кепилдиги. Мамлекет үчүн жалпы аскердик, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу-эң маанилүү артыкчылыктардын бири. Акыркы жылдардагы аскердик башкаруу системасындагы реформалар бир катар оң натыйжаларды берди”, — деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы Куралдуу Күчтөрдүн кол башчысы катары аскер кызматчыларынын социалдык абалын жакшыртуу маанилүү экенин белгилеп, акыркы бир жарым жылда Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 267 батирлүү 9 турак жай курулганын айтты.

Анын ичинде чек арачылар үчүн 96 батирлүү 4 үй бөлүнгөн. Ушул жылы Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү 6 үйдүн курулушу жүрүп жатканын президент айтты.

Салтанаттуу иш чаранын алкагында президент бир катар аскер кызматчыларына сыйлыктарды тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM