Биз менен байланышыңыз

Борбордук Азияда кимдин армиясы күчтүү?

Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 1175 | 0

Global firepower аскердик аналитикалык ресурсу 136 өлкөнүн армиясынын рейтингин чыгарды. Анда салыштыруу коргонууга таасир эткен 55 фактор менен аныкталган. Курал-жарактын түрү жана саны, малекеттин дүйнөдөгү статусу, географиялык абал, табигый ресурстар, өндүрүш, каржы жана башка тармактар да эске алынган.

Анын ичинде Кыргызстан 91-орунда турат. Kaktakto.com сайтынын чыгарган индексине ылайык, Борбордук Азияда 4-орунда жайгашып, Тажикстандан алдыда.

Борбордук Азия боюнча Өзбекстан сап башында турат. Кошуна мамлекет дүйнөлүк рейтингде 39-катарда, анын 56 500 аскери бар. Андан тышкары 179 учак, 420 танкы, 73 тик учагы бар.  Аскердик бюджети 70 млн АКШ долларын түзөт.

Андан кийин Казакстан орун алган. Анын 74 000 аскери, 214 учагы, 300 танкы жана 75 тик учагы бар. Аскердик  бюджети – 2 млрд 435 млн АКШ доллары. Жалпы рейтингде 50-орунда

Түркмөнстан 80-орунда турат. 30 000 аскери, 72 учак, 712 танкы, 25 тик учагы бар. Аскердик бюджети 200 млн АКШ доллары

Кыргызстанда 13 миң аскери, 6 учагы, 6 тик учагы жана 150 танкасы бар экендигин жазылган. Аскердик бюджети 240 млн АКШ долларын түзөт.

Саптын аягында Тажикстан бар. Кошуна өлкөдө 7 400 аскери болсо, 20 тик учак, 25 учак жана 37 танкка ээлик кылат. Аскердик бюджети – 75 млн доллар.

www.kaktakto.com сайтынын инфографикасы

Copyright © 2017 Maral FM