Биз менен байланышыңыз

АКШ Борбор Азияда пандемиядан жабыр тарткан мигранттарды коргоо үчүн 2 млн доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 654 | 0

АКШ өкмөтү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу COVID-19 пандемиясынан Борбор Азиядагы мигранттарды коргоо үчүн 2 миллион доллар бөлөт. АКШнын Ташкенттеги элчилиги аталган колдоо Winrock International тарабынан ишке ашырылып, «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун алкагында бериле тургандыгын билдирген.

COVID-19 пандемиясы Борбор Азиядагы миллиондогон мигранттарды гуманитардык жана финансылык кризиске алып келди.

«Борбордук Азиядагы Коопсуз миграция» долбоорунун алкагында, USAID маалыматтык ресурстар менен кошо керектүү жардамдарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүү тармагында багыттарды берип, ушул оор кырдаалды жеңип чыгуу үчүн ар түрдүү кесиптерди, жөндөмдүүлүктөрдү үйрөтөт. Долбоор ошондой эле укуктук жана психологиялык колдоону камсыз кылуу менен мигранттардын укугун коргойт.

Аталган долбоор Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө далилдүү фактыларга таянган жана өкмөттүн, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке секторлордун отчеттуулугун жогорулатуу жана адам сатуунун алдын алуу, жабырлануучулардын коопсуздугун сактоо жана  мигранттардын коопсуздугун жогорулатуунун натыйжалуулугун өстүрүү максатында колдоо көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM