Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Жозеп Боррель менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 458 | 0

Кечээ,12-февралда Брюссель шаарында Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен эки тараптуу кыска жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууда ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында өткөрүү маселелери талкууланды.

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Жозеп Боррель бул иш чаранын өзгөчө маанилүүлүгүн жана Европа Биримдигинин Борбордук Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка көп көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM