Connect with us

Атамбаев: Бир тууган Жээнбековдор армияны талкалап жатат

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 844 | 0

Азыркы бийлик Ички күчтөрдү Ички иштер министрлигине өткөрүп берип, армияны талкалап жатат. Мындай пикирин бүгүн, 17-мартта Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Мен президент болуп келгенде армия жок болчу, болгону 4-5 миң киши армияда. Армияга реформа жасадык, ага бир топ күчтөрдү өткөрдүк. Ошол эле чек арачылардын санын көбөйттүк, айлык акысы 2000 болчу, бер жагы 20 миңге көтөрүп бердик. Шатыратып үйлөрдү салып бердим. Ошол убакта эч ким армияга барбайт болчу. Азыр армияга барам дегендерге конкурс. Ошол кезде армиянын курамына  өткөрүп берген куралдуу күчтөдү Сооронбай Жээнбеков кайрадан Ички иштер министрлигине өткөрүп берип жатат. Анткени мен ички күчтөрдү армияга өткөрүп бергенмин, чек араны карасын, жерди карасын, элди карасын десем, булар болсо бир тууган Жээнбековдорду элден коргосун деп Ички күчтөрдү Ички иштер  министрлигине өткөрүп берип жатат. Армияны талкалап жатат. Чыныгы, накта армия 2017-жылдын жазында гана болгон,”-деди Алмазбек Атамбаев.

Эске салсак, бүгүн «Медиа-Форум» имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан катышты.

Copyright © 2017 Maral FM