Биз менен байланышыңыз

Москвада “Жакында мектепке” курсун аяктаган балдарга сертификат тапшырылды

Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 516 | 0

27-июлда Москва шаарынын коомдук байланыш жана жаштар саясаты комитетинин ресурстук борборунун залында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунда билим алган балдарга курсту аяктоосу сертификаттарды тапшырылды. Салтанатка элчи Аликбек Жекшенкулов катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоо сөзүндө элчи окутуу клубунун биринчи этабында билим алган балдарды, алардын ата-энелерин ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктап, 25тен ашуун балдарга төрт ай ичинде жума сайын орус тилин өздөштүрүү боюнча билим берип, эмгегин аябаган волонтер мугалимдердин эмгегин жогору баалап, окуу курсун аяктаган балдарга сертификаттарды тапшырды.

Эске салсак, “Жакында мектепке” аталышындагы балдарды окутуу клубу ушул жылдын 20-апрелинде Москва шаарында ачылган. Окутуу клубу Кыргызстандык жарандардын Орусияда укук жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарынын билим алуусун камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM