Биз менен байланышыңыз

Гуайдо Европаны Венесуэлага каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 499 | 0

Венесуэланын бейрасмий президенти Хуан Гуайдо Европаны Каракаска каршы каржылык санкцияларды күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Spiegel жазып чыкты.

Гуайдонун пикиринде, Европа мамлекеттери Венесуэлага каршы санкцияларды күчөтүшү керек.

«Эл аралык коомчулук венесуэлалыктардын каражаттарды режимдин сынчыларын жана жергиликтүү жарандардын өкүлдөрүн жок кылуу үчүн сарптоосуна жол бербеши керек», — дейт Гуайдо.

Анын билдиргенине караганда, Венесуэланын калкы учурда кыйналып турат. Санкциялардын киргизилиши менен бул абал кескин өзгөрбөйт.

Кошумчалай кетсек, буга чейин АКШ Венесуэла менен алака түзүү үчүн үчүнчү өлкөлөргө санкцияларды киргизүүнү убада кылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM