Биз менен байланышыңыз

Венесуэладагы саясий кризис: Бийлик оппозиция менен кайрадан сүйлөшүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 553 | 0

Венелуэла бийлиги мамлекеттин келечеги үчүн оппозиция өкүлдөрү менен кайрадан сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу Венесуэла конституциялык ассамблея өкүлү Дьосдадо Кабельо билдирди.

Ал, бийлик ким менен болсо да сүйлөшүүгө макул экендигин айтты.

«Биз Венесуэланын келечегин жана конфликтти тынчтык жолу менен чечүүнү талкуулоого дайым даярбыз»,- деп белгиледи саясатчы.

Буга чейин, Венесуэла бийлиги менен оппозиция мамилени түздөө үчүн бир нече ирет эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Сүйлөшүүлөр убагында жакшы өткөнү айтылган. Бирок, андан ары натыйжа болгон эмес.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада 2019-жылдын башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн «утурумдук президент» деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

БУУ эки тараптуу кагылышуудан 7 миңден ашык жаран каза болгонун маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM