Биз менен байланышыңыз

Израилде көпчүлүк коалиция түзүү укугу оппозицияга тапшырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 628 | 0

Израилде коалициялык өкмөт түзүү укугу «Кахоль-Лаван» оппозиялык блогунун лидери Бенни Ганцка тапшырылды. Мындай чечимди өлкө президенти Реувен Ривлин кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү “Йерусалим” басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн Ганцка 28 күн берилди. Эгер бул аралыкта жаңы парламенттик коалиция түзүлбөсө, өлкөдө быйылкы жылдын ичиндеги 3-ирет болуучу жаңы шайлоо жарыяланышы мүмкүн.

«Кахоль-Лаван» менен премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясынын ортосундагы сүйлөшүүлөр 24-октябрга белгиленген.

Буга чейин, Нетаньяху белгиленген мөөнөттө коалициялык көпчүлүктү түзө албай калгандыктан, бул ыйгарым укукту президентке өткөрүп берген. 11 жылдан бери өкмөттү куроо укугу «Ликуд» партиясынын лидерине гана тапшырылып келген.

Израилде парламенттик шайлоо быйыл 17-сентябрда өткөн. Анын жыйынтыгында «Ликуд» партиясы парламентте 31, «Кахоль-Лаван» 33- орунга ээ болгон. Жалпысынан өлкө парламентинде 120 орун болгондуктан, саясий күчтөр өз алдынча башкарууга келе алышпайт.

Copyright © 2017 Maral FM