Биз менен байланышыңыз

Акаев: Криминалдар оппозицияга караганда 100 эсе коркунучтуу

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 686 | 0

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү оппозицияга караганда 100 эсе коркунучтуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ош тарапта криминалдар унаа оңдоочу жайлардан баштап кафелерге чейин бөлүп алышып, аларга салык салышууда.

«Топ балдар кафеден акысыз тамак жеп кеткен учурлар бар. Уят да. Ушундай жагдайларды көрмөксөнгө салып, “баары жакшы” деп отуруу болбойт. ИИМдин өкүлү «арыз менен кайрылуу жок» дегени да акылсыздык. Алар өздөрү таап барып, жазалашы керек. Өкмөт салык жыйнай албай жатса, ал милдетти криминалдарга беришсин. Ушундай уланса, ошол абалга барат», — дейт Акаев.

Эл өкүлүнүн баамында, Башкы прокуратура, Финансы полициясы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү саясатын колдоону максат кылып, бири-бири менен атаандашууда. Өкмөт мындай туура эмес атаандаштыкты фискалдаштырууга бурушу керек. Аталган органдарды ишкерлерди колдоо жана каракчыларды таап жазалоо жагынан атаандаштыруу зарыл.

«Аталган органдар акыркы убакта ишкерлерге «биз сени түшүнөбүз, тийишпейбиз, бирок баягы эсепке акча төлөп койчу, сүйлөшүү жолу менен кылалы» деп жалына башташты», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM