Биз менен байланышыңыз

13 миң долларлык унааны мыйзамсыз ээлеген кылмыштуу топ кармалды

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 506 | 0

Адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалгандардын экөөсү Ысык-Көл районунда жашаган, мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1989-жылы туулган Н.С. аттуу жаран жана экинчиси Бишкек шаарында жашаган 1988-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран. Кармалган үчүнчү жаран Чүй облусунун 1984-жылы туулган М.Н. аттуу жашоочусу, мурда соттолгон.

2019-жылдын 3-февралында белгисиз адамдар чет өлкөлүк ишкерди “БМВ” үлгүсүндөгү унаага салышып, белгисиз жакка алып кетишкен. Кылмышкерлер капчыгайга алып барышып, ур-токмокко алуу менен 5 миң доллар талап кылышкан. Жабырлануучунун денесинен оор жаракат алып, кабыргалары сынган. Андан соң, өлтүрүп коебуз деп коркутушуп чет өлкөлүк жаранга таандык автоунааны өздөрүнө жаздыртууга макулдугун алышкан. Ишкерди кайра шаарга башына капты кийгизип алып келишип, баасы 13 000 доллар турган 2011-жылы чыккан «BMW 525» үлгүсүндөгү унаасын укукка жат түрдө ээлеп алышкан.

Кармалган жарандар Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Учурда соттук иликтөөнүн алкагында кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM