Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы өрттө 7 кыргызстандык жабыркады

Коом , Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 678 | 0

Орусиянын Владимир облусундагы Гороховец шаарындагы айнек идиштерди жасоочу «Русджам» заводунда чыккан өрттө Кыргызстандын жети жараны жабыркады. Бул тууралуу ТАСС маалымат булагы аймактагы саламаттыкты сактоо департаментине таянып жазды.

Алардын адегенде экөө, кийин дагы экөөсү Нижний Новгород шаарынын ооруканасына жиберилген. Алдын ала маалыматта заводдо өрт чыгып жети киши күйүк алган, алардын баары кыргызстандык экени айтылат.

Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканы кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM