Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Ишкерлик кодекси иштелип чыгат

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 609 | 0

Өкмөт тарабынан Ишкерлик кодексин иштеп чыгуу иштери башталды. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Мамлекет бизнестен көз каранды экенин моюнга алуу керек, анын натыйжалуу ишинен көптөгөн социалдык маселелердин чечилиши көз каранды болуп саналат. Алсак, ишкерлик чөйрөнүн өнүгүүсү, өлкөнүн гүлдөп өсүүсү. Өкмөтү бизнес-коомчулук менен биргеликте бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана ишкер чөйрөнү жакшыртуунун үстүндө иштөөнү улантат. Өкмөт тарабынан Ишкерлик кодексин иштеп чыгуу иштери башталды”,-деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөт тарабынан ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мөөнөттө мораторий киргизилгенин, мунун мамлекеттик органдарды бизнес менен өз ара аракеттешүүнүн кыйла заманбап ыкмаларына өтүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында Өкмөт башчы учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө атамекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү маселеси иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM