Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова эл аралык турнирде коло медалга ээ болду

Кыска кабар | 3 Мар 2019 | 887 | 0

Айсулуу Тыныбекова 2 мартта өткөн эл аралык турнирде аялдар күрөшүндө коло медалына ээ болду. Бул боюнча Дүйнөлүк күрөш бирикмесинен билдиришти.

Тыныбекова 62 кг котегориясында финалдык беттеште Юлия Ткачтан жеңилип коло медалга ээ болду.
Мындан сырткары грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын спортсмендери үч медал алды. Асан Райимжан уулу (55 кг чейин) жана Руслан Царев (72 кг) – коло медаль , ал эми Мурат Романов (130 кг) алтын байгеге ээ болду.
Турнир Болгариянын Русе шаарында өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM