Биз менен байланышыңыз

Милиция шаар тургунун омурткасын сындыра сабаган

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 558 | 0

Бишкек шаарынын тургуну Элдияр Асангариев №3 Октябрь райондук Ички иштер башкы башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан каттуу сабалып, омурткасы сынган. Бул тууралуу kaktus.media жазып чыкты.

Жабырлануучу Асангариевдин айтуусу боюнча 26-февралда ага апасы телефон чалып, Асанбай кичи районундагы күркөсүн жайгашкан жерден алып, башка жакка алып барууга жардам сураган. Күркөнүн алынуусу боюнча буга чейин соттун чечими чыккан.

Жабырлануучу өзү күркөнү ташып кетүү үчүн техника чакырган, бирок ага чейин эле милиция кызматкерлери күркөнү жүктөп, кайсы дарекке алып баруу керек болсо алып барабыз дешкен. Бирок күркө ээлери кайсы жерге алып барууну ойлонгуча, алардын айдоочусу унааны жүргүзүп, ордунан жылып баштаган. Асангариев өзүнүн айдоочусун кайсы жакка багыт алганын билүүсүн өтүнгөн. Айдоочу жүк ташуучу унаанын эшигин ачып сураганда, ошол заматта милиция кызматкерлери чуркап келип, колун кайрып кармашкан.

Жабырлануучу милиция кызматкерлеринин бул кылганын туура эместигин айтканда, аны дагы дароо колун кайрып, №3 Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнө алып келишен. Алып келгенден кийин аларды каттуу токмоктоп башташкан. Качан гана Асангариев кыймылдай албай калганда гана токмоктоону токтотушкан. Ошол заматта милиция кызматкерлери жок болуп кетишкен, бир аздан кийин дарыгерлер келип ооруканага алып келишкен.

27-февралда Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү жабырлануучуга келип, көрсөтмө алып, соттук –экспертиза дайындаган.

Бул окуя боюнча күркөнүн ташуусуна катышкан кызматкерлер Асангариевдин жана Талгат аттуу баланын кыйкырып, сөгүнүп, уруш чыгарышып, күркөнүн алып кетүүсүнө тоскоолдук жаратканын айтышып, милиция кызматкерлеринин өздөрүнүн ишин кызматын мыкты аткарганын айтышкан.

Учурда жабырлануучу Улуттук ооруканада дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM