Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда “алдамчылык” жасап издөөдө жүргөн шектүүнү орус полициясы колго түшүрдү

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 644 | 0

Орусиянын полициясы Кыргызстанда алдамчылык жасап федералдык издөөдө жүргөн шектүүнү колго түшүрдү. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин жол-көзөмөл кызматынын кызматкерлери Ногинск шаарында жол эрежесин бузган унааны токтотушкан. Унааны башкарган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин 64 жаштагы жараны болгон.

РФ ИИМдин Москва областы боюнча Башкы башкармалыгы билдиргендей, текшерүү учурунда полиция кызматкерлери ал жарандын федералдык издөөдө жүргөнүн аныкташкан.

Шектүү Кыргызстанда Кылмыш кодексинин 166 беренеси, “Алдамчылык” кылмыш жасап, качып жүргөн.

Иликтөө иштерин улантуу үчүн кармалган шектүү Нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM