Биз менен байланышыңыз

АКШ: Полиция дагы бир афроамерикалыкты атып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 556 | 0

Вашингтондо полиция кызматкерлери афроамерикалыкты кармоо учурунда атып алып, ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Вашингтон полициясынын башчысы Питер Ньюсамдын айтымында, укук коргоо кызматкерлери көчөгө токтоп турган унаалардын биринде куралчан адамдар бар деген маалыматтан кийин окуя болгон жерге келишкен.

«Алар унаага жакындаганда, унаада отургандардын айрымдары качып кетишкен. Полиция кызматкерлеринин бири кызматтык куралдан ок чыгарган. Жаракат алган адам  ооруканага жеткирилип, бирок каза тапканы жарыяланды. Кылмыш болгон жерден эки ок атуучу куралды алдык», — деди Ньюсам.

Ал маркумдун өздүгү жана жашы боюнча эч кандай маалыматтарды ачыкка чыгарган жок.

Ньюсамдан маркумдун жанында курал бар же жок экендигин сурашкан. Анткени жергиликтүү тургундар каза тапкан афроамерикалык «куралданган эмес» деп ырасташат.

«Бул кийинчерээк аныкталат, окуя болгон учурда анын жанында куралы болгон деп эсептейбиз», — деп жооп кайтарды борбордук милициянын башчысы.

Өз кезегинде шаардык кеңештин өкүлү Трейон Уайт өлтүрүлгөн адам афроамерикалык экендигин тастыктады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундардын айрымдары «полиция кызматкерлери жабырлануучуну далыга аткан» деп да айтышууда. Бирок бул маалымат азырынча тастыктала элек. Учурда окуя болгон жерге Black Lives Matter кыймылынын активисттери («Black Lives Matter») чогулуп жатышат.

Буга чейин 23-августта Кеноша шаарында полиция кызматкери афроамерикалык Жейкоб Блейктин далысына бир нече жолу ок чыгаргандан кийин тополоң башталган.

Колуна бычак көтөргөн 29 жаштагы адам окуя болгон жерге чакыруу боюнча келген күзөтчүлөрдүн талаптарын аткарган эмес. Буга чейин ага сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасаган деген шек менен камакка алуу жөнүндө буйрук берилген.

Висконсин штатынын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрү жөнөтүлүп, полиция элди таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Өткөн жумада башаламандык учурунда эки адам каза болгон. Шаарда баш аламандык башталгандан бери, 175 адам каракчылык, баңгизат сактоо жана коменданттык сааттын эрежелерин бузган деген айып менен кармалгандыгын Кеноши полициясы билдирди. Алардан 20дан ашык ок ​​атуучу курал алынды.

Copyright © 2017 Maral FM