Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: “Кыргызстандын экономикасынын төрттөн бир пайызы көмүскөдө”

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 730 | 0

Кыргызстандын экономикасынын 24 пайызы көмүскөдө турат. Мындай билдирүүнү өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференциясынын экинчи күнүнүн жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, көмүскө экономиканын айынан жыл сайын мамлекеттин казынасына 40 миллиарддай сом түшпөй калат. Мухаммедкалый Абылгазиев эгер ошол каражаттын 20 миллиарды эле көмүскөдөн чыгарыса, анда өлкөдө мектеп, балдар бакча жетишсиздигин, жолдордун инфраструктурасын жаңылоо иштерин үч жыл ичинде эле чечип коюуга болот деп эсептейт.

Эске сала кетсек, Улуттук статистика комитетинин 2017-жылга берген маалыматы боюнча өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү 125,2 миллиарда сомду түзгөн. Бул деген ички дүң продукцияга карата 23,6 пайыз.

Copyright © 2017 Maral FM