Биз менен байланышыңыз

КР жылына 1 млн 300 миң тонна мунайзат керектейт

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2020 | 955 | 0

Кыргызстан жылына 1 млн 300 миң тонна мунайзат керектейт. Анын 20 %ы өлкөдө өндүрүлөт. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бизден өндүрүлгөн мунайдын көлөмү аз. Эгерде чектөө киргизип салсак, иштебей калат да, экономикага зыяны тийет. Экинчиден, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жаатында бир аз кыйынчылыктар жаралат. Калган мунайзат Орусиядан келет. Ата мекендик өндүрүшчүлөр К-4 жана К-5 өндүрүмдөрүн чыгаруу үчүн жаңы технологиялар керек. Башкача айтканда, өндүрүштү алмаштыруу зарыл. Ал үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынат. Аларда каражат тартыш, андыктан уруксатты созуп турсаңар деп суранып жатышат. Алардын кайрылуусун карабай койгонго болбойт», — дейт Алыбаев.

Ал Кыргызстан К-2, К-3 үлгүсүндөгү күйүүчү май колдонуп келгенин эскертип, экологиянын булгануусуна сапатсыз бензинден башка факторлор (көмүр, ЖЭБ) таасир этерин белгиледи.

Алыбаевдин айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республикада көмүскө экономиканын көлөмү 23.4 %ды түзөт. Ал эми Дүйнөлүк бактын көрсөткүчү боюнча көмүскө экономиканын көлөмү 37 %. Валюта фондунун баалоосу боюнча болсо, 39 %.

Көмүскө экономиканын басымдуу бөлүгү соода тармагына туш келет.

Copyright © 2017 Maral FM