Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөшүү татаал, бирок маанилүү милдет

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 713 | 0

Көмүскө экономика менен күрөшүү жана экономиканын ачыктык даражасын көтөрүү – бул татаал, бирок өзгөчө маанилүү милдет. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселеси боюнча координациялык кеңеште билдирди.

«Дагы бир жолу биздин негизги милдеттерибиздин бири – бул фискалдаштыруу системасын толук масштабдуу ишке киргизүү болуп саналарын эске салам. Бул көмүскө экономика менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы деп ойлойбуз. Муну менен мамлекеттин кирешеси көбөйгөнү сезилет жана актуалдуу социалдык милдеттер сапаттуу чечилет», — деди Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө Салык кодексинин жаңы редакциясынын тиешелүү долбоорун колдоого байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү, фискалдык маалыматтар операторун ишке киргизүү жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушуна көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды.

Мындан тышкары ишканалардагы электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, калкты тейлөөнүн сервистик моделин иштеп чыгуу боюнча чаралар талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев реформаларды илгерилетүү процессин тездетүү үчүн салыктык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин ишин активдештирүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM