Биз менен байланышыңыз

«Кассалык чек» лотереясы көмүскө экономиканы жоёбу?

Экономика | 4 Мар 2019 | 53 | 0

Кыргызстанда «Кассалык чектерди чогултуп байгеге ээ бол!» аттуу акция башталат. 

Буга чейин кассалык чектерге көңүл бурбай келген болсоңуз, эми аларды талап кыла баштаңыз. Анткени жакын арада республика боюнча кассалык чектердин лотереясы ойнотулат.  Экономика министрлиги атайын акцияны баштайт. Ал үчүн министрлик 15 млн сом жумшаганы турат. Мындай демилгени камтыган документ коомдук талкууга чыкты.

Негизги максаты жарандарды кассалык чектерди алууга шыктандыруу болуп саналат. Ошону менен өлкөдөгү көмүскө экономиканы кыскартуу демилгеси болууда.

Жыйынтыгында, бюджетке бир жылда кошумча 300 млн сом которууга боло турганын министрликтин алдындагы салык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Ысабеков айтты.

Бул тажрыйба дүйнө жүзүндөгү Тайвань, Бразилия, Кытай, Португалия сындуу көп өлкөлөрдө бар. Анда ар бир жаран соода кылган, ар багыттагы кызматтарды колдонгон же жөн гана тамактанган учурда ошол жерден кассалык чекти талап кылат. Мында ишкер кардарга милдеттүү түрдө чекти бериши керек болот. Натыйжада, дароо онлайн режимде маалымат салык кызматына түшөт. Ошондуктан биз тараптан чекти жарандар дайыма талап кылышы үчүн чоң маалыматтык компанияны баштаганы турабыз. Азыркы учурда акцияга 15 млн сом каралып жатат. Буюрса, ишибиз ийгиликтүү болсо, бюджетке кошумча 300 млн сом түшөт.

Акция «Кассалык чекти талап кылып акчалай байге ут» деп аталат. Байге фонду 10 млн сомду түзөт.

А бирок айрым эксперттер акцияны өткөрүү менен эле салыктык түшүүлөрдүн өсөрүнө ишенишпейт. Себебин экономист Кубанычбек Идинов төмөнкү жагдайлар менен байланыштырат.

Кассалык чектер боюнча башка өлкөлөрдө кандай тажрыйба бар экенин билбейм. Бирок аны чогултуу менен салыштык түшүүлөрдү көбөйтөбүз дегени — болбогон иш. Элден кантип чогултушат? Мен түшүнбөйм. Болбогон иш. Кимдир бирөө 10 млнду жегиси келсе керек. Калк деле буга анчейин кызыктар эмес. Убактысы да жок.  

Кассалык чектерди төмөнкү жайлар ар бир кардарга берүүгө милдеттүү:

-Кыргызстандын аймагындагы баардык май куючу жайлар;

-Кафе-ресторандар;

-Акча алмаштыруучу жайлар;

-Дарыканалар;

-Медициналык клиникалар;

-Соода маркеттер анын ичинде аянтты 200 чарчы метрди түзгөн дүкөндөр.

Бирок көпчүлүк жарандардын кассалык чек тууралуу маалыматы жок. Кызыктар эмес, талап да кылышпайт . Айрым маркеттерден гана чекти алып жүргөнү болбосо, жогоруда белгиленген жайлардан алып көрүшкөн эмес.

Дүкөндөр же башка жактар берген чектер унаамда эле жүрө берет. Толуп кеткенде ыргытам. Эми лотерея ойнотулса сөзсүз чогултам;

-Кафе-ресторандардан чоң эле чек алып жүрөм. Бирок ал жерде салыкка кете турган сумманы көргөн эмесмин;

-Чоң эле чек берип жүрүшөт. Бирок кассалык машинелердикин көргөн эмесмин;

-Анда-санда дарыканага барам. Бир дарыны алып эле кетем. Чегин деле алып көрбөптүрмүн;

Ал эми соодагерлер ар бир кардарга кассалык чектер берилерин айтып ишендирүүдө. Бишкек шаарындагы кафелердин биринин ээси Шахида Садыбакасова кардар талап кылбаса да берилет деп, кассалык машинасын көрсөттү.

Ар бир келген кардарга кассалык машинадан чыккан чекти беребиз. Бирок көпчүлүк кардарлар аны ала беришпейт. Чек алып барган китепченин ичинде эле калат. Ар бир чектен мамлекетке салык ирээтинде 3 пайызы автоматтык түрдө которулуп турат. Аны ансыз дагы кардар берип жаткандан кийин мамлекеттин эсебине тыйын түшүүсүнө биз дагы кызыктарбыз.

Эске салсак, Кыргызстанда бизнестин 30 пайызы көмүскөдө экенин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилеген эле. Ал эми эксперттер 60 пайызга жакын деп эсептеп келишет.

Мындай көрсөткүчтү кыскартуу үчүн дал ушундай электрондук иштерди максималдуу түрдө алып баруу керектигин айтып келишет. Бул акция дагы иш чаралардын бири болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM