Биз менен байланышыңыз

Уюшкан кылмыш топтор боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушталууда

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 628 | 0

Депутат Дастан Бекешев уюшкан кылмыш топтор боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун сунуштады. Мындай пикирин ал парламенттин бүгүнкү, 28-февралдагы жалпы жыйынында айтты.

Депутат Орусиянын Мамдумасында уюшкан кылмыш топторго байланышкан мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканын белгиледи.

“Эгер кимдир бирөө “мыйзамдагы ууру” статусуна ээ экенин айтса, анда бул кылмыштуу иш жүргүзгөн деп каралып, ал жоопкерчиликке тартылат”, — деди депутат.

Бекешов бул тажрыйбадан Кыргызстан да пайдаланышы керектигин белгиледи.

“Убагында Грузия ушундай мыйзам кабыл алганда өлкөдөгү “аталыктар” (паханы) баары Орусияга кире качышкан. Эгер биз мындай мыйзам кабыл албасак, анда “аталыктар” бизге келишет», — деди Дастан Бекешов.

Copyright © 2017 Maral FM