Биз менен байланышыңыз

АКШ Молдовада өткөн Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 1040 | 0

АКШнын Мамлекеттик Департаменти Молдовада өткөн Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды. Деген менен Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) тынчсыздануусун эске алынаары белгиленет. Бул тууралуу мекемеден кабарлаган.

Мамлекеттик Департаменттин шаршембиде айткан билдирүүсүндө АКШ Европадагы адам укуктары боюнча демократиялык институттардын жана ЕККУнун Молдовадагы Парламенттик шайлоо атаандаштыкта өтүп, жалпылап алганда негизги адам укуктары сакталды деген баасы кубаттайт, деп айтылат.

Деген менен ЕККУ добуштарды сатып алуу, административдик ресурстардын колдонулганы тууралуу тынчсыздануусун эске алып, Молдованын бийлигин бул маселени тыкыр иликтөөгө алууга чакырабыз, деп айтылат билдирүүдө.

Молдовада ушул жекшембиде Парламенттик шайлоо өткөн. Боршайком шайлоо участкалардагы протоколдор 100 пайыз текшерилгенден кийин 31,15% социалисттик пайртия алдыга озуп чыкканын айткан. блок ACUM 26,84%, демократтар — 23,62% добуш, «Шор» партия — 8,32% добушка ээ болушкан.

Шайлоого катышкан калган партиялар 6 пайыздык тосмодон өтө алышкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM