Биз менен байланышыңыз

Искендер Кадыркулов «Көк-бөрү» федерациясынын президентти болуп шайланды

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 982 | 0

Жыргалбек Саматов «Көк-бөрү» федерациясынын президентти кызматынан алынды. Мындай чечимге бүгүн, 27-февралда федерациянын аймактардан келген өкүлдөрүнүн жыйынында келишти.

Катышуучулар көк-бөрү оюнунда жаралган маселелерди талкуулашып, көк-бөрүнүн эл аралык эрежелерин коргоого Астанада белгиленген отурумга барбай койгон федерациясынын президентине нааразычылыктарын билдиришкен.

Жыйынтыгында, алар Федерациянын президенти катары Искендер Кадыркуловду шайлашты.

Эске салсак, Саматов «Көк-бөрү» федерациясын 2018- жылдын июль айынан баштап жетектеп келет.

Саматов: Мени федерациянын президенттигинен мыйзамсыз алышты

Copyright © 2017 Maral FM