Биз менен байланышыңыз

Саматов: Мени федерациянын президенттигинен мыйзамсыз алышты

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 1123 | 0

Көк бөрү федерациясы сьездге чогулуп, Жыргалбек Саматовду президенттик кызматтан алышты. Мындай маалыматты Саматов өзү “Марал” радиосуна ырастады.

Анын айтымында, мындай чечим мыйзамсыз болгон.

-Өзүм кечээ Москвадан келдим. Сьезд тууралуу маалыматты кечинде уктум. Мени кызматтан алуу боюнча маселе каралганда жыйындан чыгып кеткендер да болду. Ашып барса 25 адамдын эле ою менен чечилип калды. Мен эми федерациянын башкаруу кеңешин чогултуп айтам, — деди Саматов.

Ал сьезд болушу үчүн республика боюнча бардык мүчөлөр катышуусу керектигин айтты.

Ал өзүн федерациянын президенттигинен кетирүүгө болгон аракетти Түрк тилдүү элдеринин ассоциациясынын тай казандан баш тартуусу менен байланыштырууда. Бирок ага федерациянын мурдагы президенти кол койгонун, өзүнүн тиешеси жоктугун айтып ишендирүүдө.

Кошумчалай кетсек, Жыргалбек Саматов былтыр 6-июлда Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM