Биз менен байланышыңыз

«Казак өкмөтү элдин деңгээлин көтөрүү максатында алмаштырылды»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 503 | 0

Медиаэксперт Кубан Абдымен “Марал” радиосуна берген маегинде учурда Казакстанда саясат экономикага карганда жогору көтөрүлүп турганын билдирди.

Анын айтымында, казак өкмөтүнүн бюджетине тиешеси жок каражаттардын баары башкалардын чөнтөгүнө кетип калган. Эми казак лидери Нурсултан Назарбаев ал акчаларды элге батыраак берип, калктын социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында өкмөттү алмаштырган.

«Назарбаев элдин мүдөлөрүн аткарууга милдет алып алган. Бирок тапшырмаларды өкмөт аткарат. Назарбаев айрым иштер аткарылбай калганда күнөө өкмөттө экенин айтып, чоң кадам болду. Бул — чыныгы саясат. Казак лидери өзүнүн келечектеги ишин колдоп жатат. Казакстандын ички экономикалык өнүгүүсү Назарбаев күткөндөй болбой калды,» — дейт Кубан Абдымен.

Назарбаев акыркы убакта казак улутуна көңүл бурган иш-аракеттерди жасап жатканын да белгиледи.

Кубан Абдымен мындан сырткары кыргыз-казак мамилелери эки өлкөнүн лидерлеринин алакасынан көз каранды экенин айтып, өкмөттөрдүн отосундагы катыш өзгөрүүсүз улана берерин кошумчалады.

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Copyright © 2017 Maral FM