Биз менен байланышыңыз

Индияда бузулган алкоголдук ичимдиктен 154 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 678 | 0

Индияда бузулган алкоголдук ичимдиктен кеминде 154 киши каза болду. Бул тууралуу CNN маалымат булагы бүгүн жазды. Дагы 200дөй киши ооруканага жаткырылган.

Маалыматтарга ылайык спирттик ичимдик Ассам штатынын түндүк-чыгышында өндүрүлгөн. Жапа чеккендердин көпчүлүгү чай өндүрүү плантаияларда иштегендер болгон.

Мыйзамсыз алкоголдук товарларды ташууга шектелип 30дай адам камакка алынган.

Голахат районунун полициясынын ага кызматкери Мукеш Агарвал “Бул мыйзамсыз алкоголдук ичимдик кандай даярдалганы, анын курамына кошулган каражаттарды биз иликтеп жатабыз”, — деп билдирген.

Мындай окуя Индияда биринчи жолку көрүнүш эмес. 2015-жылы Мумбай аймагында катталып, 100дөн ашуун киши каза болгон. Ал эми 2011-жылы Батыш Бенгалия штытанда сапатсыз чыгарылган спирттик ичимдиктен каза болгондор кеминде 168ге жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM