Биз менен байланышыңыз

Мурашев: Орто-Токойго камера койбогонубуз үчүн Казакстан азыктарыбызды өткөрбөй жатат

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 739 | 1

Учурда Казакстан Кыргызстандан барган алма, картошка, курма жана эт, сут азыктарын киргизбей жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкө Кыргызстандан алган суунун көлөмүн билүү үчүн Киров жана Орто-Токой суу сактагычына видео көзөмөл коюну талап кылган. Бирок кыргыз тарап сунуштан баш тарткан. Мындан улам казак тарап айыл чарба азыктарын киргизүүгө тыюу салды.

Мурашев кошумчалагандай, казак делегациясы буга чейин Кыргызстанга келип кеткен.

Ал эми өкмөттүн өкүлү аталган суу сактагычтар стратегиялык объект болуп эсептелгендиктен ага видео көзөмөл орнотууга уруксат берилбей турганын айтты.

Кошумчалай кетсек, 21-февралда Казакстан Кыргызстандан барган азыктарды кабыл албай жаткандыгы кабарланган болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    22.02.2019 19:20

    Эгер казактар прадуксияны откорбосо а эме учун сууну жап салбайбыз кором откорбогонун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM