Биз менен байланышыңыз

Францияда жөөттөрдү коргогон ири митинг өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 615 | 0

Франциянын Париж баштаган 60тай шаарында жөөттөргө жасалган кысымга каршы «Жетишет! Токтот!» аталышындагы ири акциялар орун алды. Бул тууралуу европалык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, митингге миңдеген киши, анын ичинде өлкөнүн мурунку президенттери Николя Саркози жана Франсуа Олланд, оңчул-солчул партиялар, профсоюздар жана ассоциациялар катышышты. Митингчилер соңку жылдары өлкөдө күчөгөн жөөтөргө карата кемсинтүү жана кысымдардын токтоосун талап кылышты.

Митингден бир күн мурун Париждеги көрүстөндөрдүн биринен ондогон жөөт кабырларын талкалап кетишкен. Ага чейин Франциянын чыгыш бөлүгүндөгү жөөт көрүстөнүндө жүздөй мүрзөнү шылдың сөздөр жана сүрөттөр менен боёп, бузуп кетишкен. Аны президент Эммануэль Макрон зыярат кылган болчу.

Ошондой эле Холокостто жапа чеккен француз саясатчысы Симон Вейлдин портретине «жөөт» деген жазууну чийип кетишкен. Мындан тышкары антисемиттик топтор тарабынан каза болгон жөөт жигитинин урматына тигилген даракты кыйып салышкан.

Кошумчаласак, жөөттөр Европа боюнча эң көп Францияда жашашат. Алардын саны 550 миңге жетет. Бирок аларга карата жектөөчү мамилелерден улам көп сандаган жөөттөр Израиль, АКШ жана Канадага көчүп кетишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM