Биз менен байланышыңыз

Франция: Полиция мыйзамына каршы акциялар башаламандыкка айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 415 | 0

«Парижде полиция кызматкерлерин сүрөткө жана видеого тартканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамына каршы нааразычылык акциялары өтүп жатат. Демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду», — деп жазды «Le Parisien» басылмасы.

Нааразычылык башталгандан көп өтпөй, митингчилер полицияны айнек бөтөлкөлөр, таштар менен уруп башташкан. Буга полиция көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берди.

Нааразычылык учурунда бир нече унаа өрттөлүп, дүкөндөрдүн айнектери талкаланып, тоноого аракет кылышкан.

Ички иштер министри Жеральд Дарманендин айтымында, полиция 22 адамды камакка алды.

Францияда жакында кабыл алынган Глобалдык коопсуздук мыйзамы полиция кызматкерлерин жумуш учурунда сүрөткө тартууга тыюу салат. Мыйзамдын талаптарына баш ийбегендер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 45 миң евро айып пул төлөйт.

Франциянын 90 шаарында нааразычылык акциялары өтүп жатат.

Полициянын айтымында, бир жума мурун ушундай эле нааразычылык акциясына өлкө боюнча 133 миң адам катышкан. Тополоң учурунда 100гө жакын полиция жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM