Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирүү сөз эркиндигине туура келбейт

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 1019 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирип, маалымат тараткандар боюнча өзүнүн позициясын билдирди. Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов ар кандай күчтөр тарабынан чагымчыл маалыматтарды тараткандарды айыптады.

“Муфтият ар кандай формадагы динге жамынып алып, ырайымсыз зордук-зомбулукту жана терроризмдин ыкмаларын айыптайт. Терроризмдин улуту, расасы, дини жок. Биз ошол расизмди, исламофобияны, улутчулдукту жана кош стандарттык саясатты айыптайбыз. Бирок, ошол эле учурда биз дүйнө жүзү боюнча миллиарддан ашуун мусулмандардын диний сезимдерин жана ыйык жайларын мазактоого жол берилгис деп эсептейбиз”,-деди Кадыр ажы Маликов.

Ал өз сөзүндө мындай жорук эч кандай сөз эркиндигине туура келбей турганын, буга башка диндин өкүлдөрү да тынчсызданып жатканын айтты.

Эске салсак, дүйнөдөгү бул жапырт нааразычылык Франциядагы тарых мугалиминин өлүмүнөн кийин башталган. 16-октябрда Парижде мугалим Самюэл Патини 18 жаштагы чечен улутундагы Абдулла аттуу адам өлтүргөнү айтылган. Буга мугалимдин бир канча күн мурун сабакта сөз эркиндиги тууралуу айтып, окуучуларга “Charlie Hebdo” журналына чыккан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн болчу.

Мугалимдин өлүмүнөн кийин Франция президенти Эммануэл Макрон радикалдуу Исламга каршы күрөшүн жүргүзө берерин жар салган. Анын кайрылуусунан кийин бир канча мусулман өлкөлөрүнүн башчылары кайрылуу жасап, ага каршылыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM