Connect with us

Түндүк жана Түштүк Кореялар олимпиадага бирге катышкысы келет

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2019 | 820 | 0

2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк Корея менен Түндүк Корея чогуу чыгууга кызыктар. Бул тууралуу Reuters агенттиги Эл аралык олимпиада комитетиинин президенти Томас Бахка шилтеме берип жазды.

15-февралда Лозанна шаарында эки өлкөнүн жана комитеттин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анда кореялыктар бир курама команда болуп чыгууга да макул экендигин айтышкан.

Мындай сунушту кабыл алуу боюнча эл аралык комитет талкуулай тургандыгын айткан.

2018-жылдын сентябрында Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Кореялардын президенттери 2032-жылкы Жайкы олимпиаданы биргеликте өткөрүү үчүн чогуу арыз берүүнү макулдашышкан. Расмий кат Эл аралык олимпиада комитетине жолдонгон.

Кошумчалай кетсек, Түштүк Кореяда Олимпиада оюндары 1988-жылы Сеулда, 2018-жылы Пхёнчанда өткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM