Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы олимпиададан Кыргызстандын окуучулары 4 коло медаль алды

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 351 | 0

Орусиянын Москва шаарында өткөн VI эл аралык «Мегаполис» олимпиадасында Кыргызстандын төрт окуучусу коло медаль алды. Бул тууралуу «Сапат» билим берүү мекемеси кабарлады.

Эл аралык олимпиада математика, физика, химия, информатика предметтери боюнча болуп, ага 28 өлкөдөн 280 окуучу барган. Кыргызстандан Бишкек шаарындагы №61 физика-математикалык окуу комплексинин, №70 окуу тарбия комплексинин, «Газпром» мектебинин окуучуларынан куралган «Бишкек» командасы жана «Сапат» лицейлеринин окуучуларынан турган «Ош» командасы катышкан.

Анда «Ош» командасынын төмөнкү окуучулары командалык эсепте да, жекече да үчүнчү орунду багындырып, коло медаль тагынышты:

— Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Аскербеков Тилек — математика сабагынан;

— Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Саламатов Азамат — химия сабагынан;

— Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар —  информатика сабагынан;

— Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоёнов Тенгиз — информатика сабагынан.

Copyright © 2017 Maral FM